Жарандардын басымдуу бөлүгү Бажы кызматын аябай коррупциялашкан деп эсептейт

1431

Өткөн жылдын жыйынтыгы менен эң коррупциялашкан орган деп Бажы кызматы табылды.

Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети жарыялады. Сурамжылоо учурунда, Жарандарга мамлекеттик органдарга ишенесизби? Андагы коррупциянын деңгээлин кандай баалайсыз? Анын ишмердүүлүгүнө ичиңиз чыгабы? деген суроолор узатылган.

Кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү мамлекеттик органдардын ичинен Бажы кызматын аябай коррупциялашкан деп айтышкан. Бул мекеменин позициясы 2017-жылга салыштырмалуу дагы эки баллга төмөндөгөн. Андан кийинки орунда Жазаларды аткаруу кызматы, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Ички иштер министрлиги жана Жолдор министрлиги турат. 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча бир дагы мамлекеттик орган жакшы упай алган эмес.

Сурамжылоого катышкандар жергиликтүү администрацияларда, дене тарбия агенттигинде жана байланыш комитетинде жемкорлук азыраак деп эсептейт экен.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.