Жарандардын мамкызматтарга болгон «ишеним индекси» 31 баллга жакын

674

Кыргызстандыктардын мамлекеттик кызматтарга болгон «ишеним индекси» 31 баллга жакын. Мындай маалымат Улуттук статистика комитетинин отчетунда белгиленген. Ага ылайык, мамлекеттик мекемелерге Бишкек шаарынын тургундарынын ишениминин көрсөткүчү эң төмөн болуп, ал араң 15 баллды түзгөн.

Андан кийин Нарын жана Талас областтары орун алган. Ошондой эле, тиешелүү отчетто кыргызстандыктар Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетине жана жаштар, дене-тарбия жана спорт агенттигине көбүрөөк ишеним артары белгиленген.

Ошондой эле, Өзгөчө кырдаалдар жана Маданият министрликтери да жакшы көрсөткүчтөргө ээ болушкан. Ал эми өлкө жарандарынын эң аз ишенимине татыган мекемелер — Жазаларды аткаруу жана Бажы кызматтары болуп чыкты. Ушундай эле начар баага — Саламаттыкты сактоо, Ички иштер министрликтери жана Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматы ээ болгон.