Жарандарга кеңеш берүүчү 118 ыкчам номуру күнү-түнү иштөө тартибине өттү

3318

Июнь айында коронавирус маселелери боюнча жарандардын кайрылуусу кескин өстү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын Саламаттык сактоо шаардык башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова билдирди. Анын айтымында, буга байланыштуу мобилдик бригадалар күнү-түнү иштөө тартибине өттү.

“Бүгүнкү күндө 118 ыкчам номери боюнча 14 линия 24 саат бою иштеп кеңеш берүүдө. Мындан сырткары, үй-бүлөлүк медицина борборлорунда ишеним телефондору иштөөдө. Жарандар жашаган жери боюнча ҮМБ кайрылып, кеңеш ала алышат”, — деди Исмаилова.

Ал кошумчалагандай, колл-борборго кайрылгандардын 50 пайызы медициналык мүнөздө эмес, кеңеш алуу максатында кайрылгандар, бир телефон чалууга кеңеш берүү 15-20 мүнөткө чейин созулат.

Буга чейин аталган номур эртең мененки саат сегизден кечки жетиге чейин иштеген. Айрымдар бул номурдагы адистер менен байланышуу мүмкүн болбой жатканын айтып нааразы болушкан. Өкмөт башчы 21-июнда бул кызматка кошумча адистерди алуу керектигин билдирген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.