Жарандык активисттер депутаттарды таркап кетүүгө чакырышты (видео)

1305

Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүн аныктоо боюнча референдум өткөрүлсө — бюллетенге үч суроо жазылат. Анда президенттик башкарууну тандайсызбы? Парламенттик башкарууну тандайсызбы? Жана баарына каршы деген графалар болот. Бул тууралуу бүткүл элдик добуш берүүнү 10-январда өткөрүүгө багытталган мыйзам долбоорунун автору Акылбек Жапаров билдирди.

Кечээ документ биринчи окууда кабыл алынган. Бүгүн болсо экинчи окууда кароого киргизилди. Ал арада парламенттин алдында ондой жарандык активист акция уюштуруп, депутаттарды сындап, таркап кетүүгө чакырышты. Алтынчы жыл иштеп жаткан алтынчы чакырылыш элдин ишенимин актай алдыбы? Депутаттар эмне үчүн эң көп сынга кабылууда? Эл өкүлдөрүнүн өздөрүнө берген баасы канча?