Жарат алгандардын Октябрь окуясынан кийинки жашоосу (видео)

2039

Былтыр октябрь окуяларында каза тапкан 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулунун жакындарына 2 бөлмөлүү батир берилди. Үйдүн ачкычын маркумдун атасына президент Садыр Жапаров тапшырды. Өлкө башчысы Үмүтбектин элесине багыштап куран түшүрүп, ата-эне үчүн баланын ордун эч нерсе толтура албасын белгиледи.

Ал арада, былтыркы башаламандыкта жараат алгандар менен жарандык активисттер да Ак үйдүн имаратынын алдына чогулушуп, маркум Үмүтбек Алтынбек уулун эскерип, куран окушту. Келгендердин арасында көзүнөн, колунан ажырап калгандар да бар.