Жаратылышка чыкканда — этият болгула, деп эскертет адистер (видео)

1835

Соңку эки айда Республика боюнча кенеге чактырып ооруканага кайрылгандардын саны 350дөн ашты. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана экспертиза департаменти билдирди. Соңку 1,5 айдан бери Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында ондон ашуун адамга риккетсиоз диагнозу коюлган. Бейтаптардын көпчүлүгү Ат-Башы районунун тургундары. Учурда өлкө аймагы боюнча кенелердин 17 түрү кездешет. Алардын эң кооптусу — иксод деп аталат. Алар көбүнесе бак-дарактуу аймактарда кездешет. Мындан улам адистер жарандарды жаратылышка чыкканда этият болуп, жабык жана ачык түстөгү кийимдерди кийүүгө кеңеш беришет.