Жардамга чогулган акчаны уурдагандарга каршы акция (видео)

7712

Үмүттү уурдабагыла! Кыргызстанда кайрымдуулук үчүн чогулган каражаттарды кымырып кеткендерге каршы дал ушундай аталыштагы флэшмоб башталды. Уюштуруучулардын айтымында, соңку убакта жардамга чогулган каражатты уурдап кеткен окуялар байма-бай катталууда.

Бул оор илдет менен алпурушуп жаткан балдардын өмүрүнө кол салуу менен барабар, дейт адистер. Маалыматтар боюнча, акыркы 3 ай ичинде онкологиялык оорулардан жабыркаган бөбөктөргө чогултулуп жаткан 1000 доллардан ашык каражат уурдалган.