Жардамга муктаж бөбөктөр (видео)

624

Сейрек кездешүүчү дартка чалдыккан Азалия Алымбаева менен Надежда Чигерина жардамга муктаж. Экөөнө тең чет өлкөдө кымбат баалуу операция жасоо үчүн көп каражат керектелет. Жаак шишигине кабылган 6 жаштагы Азалия Алымбаева учурда Москвада медициналык текшерүүдөн өтүүдө. Ага бир эмес, бир нече жолу операция жасалышы зарыл.

Ал эми эки жаштагы Надежда Чигерина кан тамырлардын туубаса илдетинен жабыркап келет. Наристени Германияга дарыланууга жиберүү үчүн 70 миң евро талап кылынууда.