Жарыксыз калган ишкерлер чыгымга учурашууда (видео)

1315

Майда жана орто ишкерчиликтин кендирин кескен энергетикалык каатчылык. Бир топ чачтарачканалар ысык суунун жоктугунан кардарларды тейлей албай жатса, темир иштетүүчү заводдо бир жумадан бери жумуш токтогон.

Акыркы күндөрү электр энергиясынын байма-бай өчүрүлүшүнөн улам кафе-ресторандар, сулуулук салондору кардарларды тейлей албай кыйналса, айрым цехтер биротоло жабылып жатышат. Себеби Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын 6-ноябрда чыгарган чечими менен металл ширетүүчү жана башка энергетиканы көп талап кылган цех менен ишканалар ишин уланта албайт.