Жарым миллион долларды кайсы депутаттар бөлүп алган? (видео)

3170

Жогорку Кеңештин депутаттары Эсептөө палатасынын аудиторлорунан жарым миллион доллар алган деген маалымат боюнча парламентарийлер УКМКга кайрылат. Алар бул кептер тыкыр иликтенип, чын-төгүнү такталышы керек дешет.

Жалпы жыйын учурунда парламенттин бюджет жана финансы комитетинин 5 мүчөсүнө аудиторлор тарабынан 100 миң доллардан 500 миң доллар берилиптир деген кептер тарап жатканын айтылган. Ал арада Эсептөө палатасынын ишин тескеген жаңы конституциялык мыйзам долбоору боюнча депутаттар орток пикирге келе албай жатышат.