Жарым млн тоннага чукул жүгөрү сатылбай чирип кетеби? (видео)

1765

Жүгөрүнү чет өлкөгө сатууга тыюу салган чечимди жокко чыгаруу боюнча фермерлердин суранычы четке кагылды. Айыл чарба министрлигиндегилер, эгерде дан азыгын экспорттоого уруксат берилсе, өлкөдө баасы көтөрүлүп кетет деп кооптонуп жатыптыр.

Бул тууралуу министрдин орун басары Азамат Мукашев билдирди. Маселе кийинки жумада дыйкандар менен бирге талкуулана турган болууда. Жүгөрү өстүрүүчүлөр мораторий алынбаса, жарым миллион тоннага чукул түшүм чирип кетет деп тынчсызданууда.