Жасалма 8 миң еврону сомго алмаштыргандар кармалды (видео)

535

Чүй областында алдамчылар жасалма 8 миң еврону сомго алмаштырып кетишкен. Кант шаарындагы акча алмаштыруучу жайдын ээси чет элдик банкноттордду кабыл алгандан кийин, андан күмөн санап, бир нече ирет текшерген.

Натыйжада, ал акчаларда бир коргонуу элементи жок экенин аныктап, милицияга кайрылат. Учурда кылмышка шектүү 2 адам колго түшүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бул ишке тиешеси бар деген дагы бир жаран изделүүдө.