Жасалма диплом дагы кайсы депутаттардан табылды? (видео)

5385

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети диплому жасалма деп шек саналган жогорку окуу жайлардын сап башына чыкты. УКМК тараткан маалыматка таянсак, ал жактын билими тууралуу күмөндүү документти 28 мамлекеттик кызматкер колдонуп жүргөн. Аталган билим берүү мекемесинин жетекчилиги болсо бул боюнча үн катып, алар тарабынан жасалма диплом берилет деген маалыматты четке какты.

Айтымдарында, бул шылуундардын иши болгон. Берилген дипломдордун аныктыгынан шек жаралуусу боюнча Кыргыз агрардык университети экинчи орунга чыккан. Ушуга чейин аларга УКМКдан 2000ге жакын билдирме түшкөн. Бул боюнча окуу жайда 10 кишиден турган комиссия иш алып барып жатканы белгилүү болду.