Жасалма дипломдуу аткаминерлер кызматтарынан кете баштайбы? (видео)

1508

УКМК өлкөдөгү бардык мамлекеттик кызматкерлердин жогорку билими тууралуу дипломдорун жана жарандыгын текшере баштады. Президенттин тапшырмасына ылайык старт алган 3 айлык жараяндын алкагында, кимдир бирөөдөн жасалма диплом аныкталса, аткаминерлер кызматынан, ал эми депутаттар мандаттарынан кол жууп, кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Ошондой эле, жасалма документ менен иштеген учурунда мамлекеттен алган айлыгын толугу менен кайтарып берет, — деди УКМК төрагасы. Ал арада айрым депутаттар дипломдору менен сүрөткө түшүп, соц.баракчаларына жайгаштырса, кээ бирлери текшерүүгө каршы экенин айтып чыгышты. Бул маселе БШК Орозайым Нарматованы депутаттык мандаттан ажыраткандан кийин күч алды.