«Жасалма документ жасоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголду

1919

Ош областында Кытай жарандарына жалган маалыматтардын негизинде паспорт жасап берүүгө шектелип кармалгандарга кылмыш иши козголду. Областтык ички иштер башкармалыгы кабарлагандай, милиция кызматкерлери Кара-Суу шаарындагы «Оомат» базарында текшерүү жүргүзүп, анда паспортунда Өзгөн шаарынын тургуну катары жазылган жаранды кылдат текшере келгенде, ал Кытай эл республикасынын уйгур улутундагы жараны экендиги аныкталган.

Дагы бир кытай жаранына Ноокат районунун жашоочусу деген паспорт жасалып берилген. «Мындай жол менен жалпысынан 4 чет өлкөлүк жана бир кыргызстандык жаранга мыйзамсыз паспорт жасалган фактылар белгилүү болду»,- дешет тартип сакчылары.

Учурда бул факты боюнча Ноокат районунун Жаңы-Базар айылдык паспорт-виза каттоо бөлүмүнүн кызматкери кармалып, ал учурда үй камагында. Ага карата «жасалма документ жасоо, даярдоо, жасалма документтерди колдонуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Ошондой эле, бул кылмыш ишинин алкагында чет өлкөлүк жарандарга паспорт жасоого көмөктөшкөн деген шек менен дагы 1 аял кармалганы белгилүү болду.