Жасалма документтерди даярдап жүргөн кылмыштуу топ кармалды

844

Ош областында жасалма документтерди даярдап, сатып жүргөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Ички иштер министрлигинен кабарлашкандай, буга чейин алдамчылык боюнча үч жолу соттолгон 55 жаштагы адам жана анын 30 жаштагы жардамчысы колго түштү. Алардын жанынан жасалма документтер табылган, анын ичинде чет өлкөгө чыгуучу паспорттор да болгон.

Ыкчам маалыматтар боюнча, бул адамдар паспортторду өтө көп көлөмдө жасап, чет өлкөлүк жарандарга сатып келишкен. Кылмышка шектүүлөргө карата иш козголгон. Бирок Ош шаардык соту аларды үй камагына чыгарып койгон. Аларды камакка алуу боюнча Ички иштер министрлиги жогорку соттук инстанцияга кайрылды.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка дагы адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.