Жасалма уруктандыруу жолу менен төрөлгөн 3 эм (видео)

1582

Жасалма уруктандыруу жолу менен төрөлгөн 3 эм жакынкы күндөрү төрөт үйүнөн чыгарылат. Учурда көз жарган айымдын жана наристелердин абалы жакшы. Бул тууралуу Бишкектеги эне жана баланы коргоо Улуттук борборунун дарыгерлери билдиришти. Эң кызыгы, 22 жылдан бери балалуу боло албай жүргөн үй-бүлө — жасалма уруктандыруу ыкмасына биринчи жолу кайрылып, 3 эмбриондун баары натыйжалуу болгон. Эскерте кетсек, 4-майда 45 жаштагы Чынара Исманова атайын клиниканын дарыгерлеринин жардамы менен көз жарып, 2 кыз жана 1 уулдуу болду. Наристелер ай күнүнө жетпей, 36 жумасында кесарево жолу менен жарык дүйнөгө келишти.