Жаш балдарды коюп кете жаздаган милиционерге 3 миң сом айып салынды

948

Жаш балдарды аз жерден коюп кете жаздаган милиционер айыпка жыгылды. Унаа Бишкек шаардык милициясынын Кайгуул күзөт кызматына тийиштүү экени белгилүү болду.

Бул окуя 19-октябрда эртең мененки саат 9.00до болгон. Анда эки окуучу Токтогул көчөсүндөгү жөө жүргүнчүлөрдүн тилкесинен өтүп баратканда, милициянын унаасы алардын алдынан катуу ылдамдык менен өтүп кеткен.

Аталган факты боюнча Ички иштер министрлигинин Бишкек шаардык ички иликтөө кызматы териштирүү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгы менен автоинспекторлор унааны таап, айдоочуга 3 миң сом айып салынды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.