Жаш хоккеисттер АКШдагы дүйнөлүк турнирге катышат (видео)

1368

Талыкпас эмгеги жана өжөрлүгү менен хоккейди аркалаган жаш спортчулар. Кыргызстандын жаш хоккеисттеринин курама командасы эртең танкы саат төрттө АКШнын Чикаго шаарында өтүүчү эл аралык турнирге сапар алышат. Бүгүн алар бул жакта акыркы даярдыктарын көрүштү. Спорттук мелдеш 1-декабрда башталат. Мындай масштабдагы турнирге алгачкы жолу катышып жаткан курама команданын мүчөлөрү күн-түн дебей машыгышкан. Топто жалпысынан 14 оюнчу бар. Алардын баары тандалып алынган мыкты спортчулар.