Жаш кызды зордуктап өлтүргөнгө айыпталган жигит 15 жылга кесилди

4859

Кемин райондук соту 8-класстын окуучусун мыкаачылык менен өлтүрдү делген 20 жаштагы жигитти 15 жылга эркинен ажыратты. Фемида өкүлдөрү соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып чечим чыгарышкан. Анда өспүрүм кызга кол салган учурда ал адам акыл-эсинде болгон экен. Ошондой эле, зөөкүр бул кылмышты жасаганын мойнуна алган.

Эске салсак, 20-сентябрда дал ушул жигит кечинде мас абалында баратып, Кеминдин көчөлөрүнүн биринен кызды көрүп, аны күч менен ээн имаратка алып барып, зордуктоого аракет кылган.

Өспүрүм каршылык көрсөткөндө зөөкүр бир нече сокку уруп, жабырлануучу ошол жерден каза болгон. Көп узабай кызды өлтүрүүгө шектүү катары мурда бир нече жолу сот жообуна тартылган 20 жаштагы бала кармалып, камакка алынган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.