Жаш математиктер билим сынагына катышты (видео)

1941

Мектептердин башталгыч класстарынын окуучуларынын арасында уюштурулган алгачкы Олимпиадада жаш математиктер арасында билим сынагы болуп өттү. Бул иш-чаранын демилгечилери — кыргыз-швед математикалык мектеби жана Бишкек шаардык билим берүү департаменти. 92 мамлекеттик жана ондон ашуун жеке менчик мектептерден 2 миңге жакын окуучу математика сабагы боюнча өз билимдерин көрсөтүштү. Бул мелдешке мектеп олимпиадаларынын жеңүүчүлөрү гана катышкан жок. Билим сынагынан өткөндөрдүн арасында интернет аркылуу он-лайн каттоодон өткөндөр дагы бар.