Жашоо тартуулаган сейил бак (видео)

481

«Жашоо тартуулаган сейил бак» аталышындагы акциянын алкагында Бишкектин Түштүк магистраль көчөсүндө жаңы ачылган бакчага 200дөн ашуун көчөт отургузулду. Бул өнөктүк 20-сентябрга чейин уланып, ага бардык каалоочулар катыша алышат.

Бирок Бишкек шаардык жашылдандыруу ишканасы ар түркүн бак-дарактарды тигүүгө жол берилбээрин эскертет. Анткени андай өсүмдүктөрдүн пайдасынан зыяны көп экен. Азыркы тапта жаңы бакчада ак кайың, чынар теректин көчөттөрү отургузулган.