Жашоо үчүн күрөшкөн айдоочу (видео)

974

Бишкектин тазалыгын камсыз кылган мекендешибиз колдоого муктаж. 31 жаштагы Жеңишбек Касымов оор илдет менен эки айдан бери алышып келет. Дарыгерлер ага альвеококкоз диоагнозун коюп, жарым жылдык гана жашоосу калганын айтышкан. Жеңишбек өмүрүн сактап калуу үчүн күзгө чейин боорун алмаштырууга 45 миң доллар чогултуп, Индияга жөнөп кетиши керек. Бирок мекендешибиздин чет өлкөгө барып дарылануу мүмкүнчүлүгү жок. Үй-бүлөсүндө өзүнөн башка эч ким иштебейт. Ал эми маянасы күнүмдүк тиричиликтен ашпайт. Мындан улам жаш үй-бүлө башчысы коомчулуктан жардам суроого аргасыз.