Жаштар административдик кысымга каршы акцияга чыгышты

845
Башкы

«Биз коркпойбуз» деп аталган флеш-мобго борбор калаанын окуу жайларында окуган 100дөй студент катышты. Уюштуруучулардын билдиришинче, иш-чаранын максаты — окуу жайлардын ректораттары менен мугалимдеринин студенттерди бийликтин талапкеине добуш берүүгө мажбурлап жатканына каршылык билдирүү.

Президенттикке талапкерлердин өкүлдөрү, саясий партиялардын жаш канаттарынын мүчөлөрү катышкан иш-чаранын жүрүшүндө жаш активисттер Жогорку Кеңештин төрагасына, парламенттеги фракция башчыларына, башкы прокурорго, билим берүү жана илим министрине кайрылуу жолдошуп, окуу жайлардын жетекчилери жаштардын жарандык укугун бузуп, Социал-демократтар партиясынын талапкерине добуш берүүгө мажбурлап жатканын билдиришти. Кайрылуу ээлери «окуу жайдагы жетекчилик, мугалимдер паспортубузду алып, №2 форма боюнча кошумча добуш берүүгө мажбурлап, жогорку окуу жайлардын жетекчилиги административдик басым кылып жатышат» деп белгилешти.

Алар башкы прокурордон өздөрүнүн укугун коргоп берүүнү, ал эми Жогорку Кеңештин депутаттарынан бул маселеге көңүл буруп, студенттердин конституциялык укугу бузулуп жатканы тууралуу парламент сессиясында маселе көтөрүлүүсүн талап кылышты.

Буга чейин социалдык тармактарда окуу жайлардын жетекчиликтери, мугалимдери студенттерди №2 форма менен алдын ала добуш берүүгө жана бийликтин талапкерин шайлоого мажбурлап жатканы тууралуу маалыматтар, аудио жана видеотасмалар пайда болгон.

Кыргызстандын Коопсуздук Кеңеши президенттик шайлоону адилет жана таза өткөрүү боюнча атайын чечим кабыл алып, ага президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Чечимде мугалимдер кайсы бир талапкердин үгүт иштерине катышууга укугу жок экени айтылган.

Флеш-мобдун башында ооздорун бекитип турган жаштар аягында байлоолорун чечип ыргытып, «Биз коркпойбуз» деп кыйкырышты.