Жаштар тынчтык куруу үчүн өлкө аймактарына “кербенге” чыгышты

1248

Чүй облусунун бир нече айылдарында жана Кара-Балта шаарында  “Достук кербени” аталышындагы массалык маданий иш чара болуп өттү. Иш чара алкагында спорттук мелдештер, концерттик программа, кол өнөрчү,сүрөтчү, ашпозчу жана чеберлерден мастер класстар уюштурулуп, миңден ашык эл катышты.  Максат коомдун өнүгүшүнө активдүү катыштыруу менен жаштарды тынчтыктын жарчысы катары өстүрүү.  “Достук кербени”  “ЖашСтан” долбоорунун алкагында уюштурулууда.

Иш чара спорттук, интеллектуалдык оюн-зооктор, ыр-бий менен коштолуп, келген конокторго ар кандай темадагы мастер класстар уюштурулду.

Жакынкы күндөрү “Достук кербени” массалык маданий иш чарасы  Нарын  жана Талас областтарында болоору пландалган.