Жаштардын ашынган диний агымдарга азгырылышын токтотуу керек (видео)

930

«Ислам азыркы светтик мамлекетте» деген аталыштагы форум дагы уланды. Эске салсак, дүйнөнүн 20 өлкөсүнүн өкүлдөрү катышкан конференциянын ачылышына президент Сооронбай Жээнбеков катышкан. Ал өз сөзүндө мамлекет өлкөдөгү диний кырдаалга кийлигишүүсү керектигин белгилеп, бир катар олуттуу демилгелерди көтөрдү.

Бул талкуу болсо жаштардын радикалдык диний агымдарга азгырылышынын алдын алуу маселесине арналды. Эки күндүк форумдун жыйынтыгында форумдун катышуучулары атайын резолюция кабыл алышты. Анда диний билим берүүнү күчөтүүнүн жолдору дагы камтылды.