Жашы 45тен ашып, наристе жытын жыттаган энелер (видео)

652

Кыргызстанда аз камсыз болгон 150 миңге жакын үй-бүлө мамлекеттен жөлөк пул алат. Анын суммасы 900 сомго жакын. Ошондой эле, быйыл мамлекеттен балага пособие алгандар көбөйгөн.

Буга былтыр жалпы 90 миллион сом коротулса, быйыл тогуз айда эле 100 миллионго чукулдаган. Социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашкандай, акыркы убакта жетиден көп балалуу энелер көбөйүп жатканы байкалууда. Алардын арасында жашы 50гө жакындаганы да бар.