Жашы жете элек кыздарга сексуалдык ыдык көрсөттү деп шектелген жаран кармалды

1228

Токмок шаарында жашы жете элек кыздарга сексуалдык ыдык көрсөттү деп шектелип, 34 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу аталган калаанын ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Токмок шаарынын 33 жаштагы тургуну 7-октябрда чак түштө мас абалдагы адам 10 жашар кызына сексуалдык ыдык көрсөткөнүн айтып арыз жазган. Ошол эле күнү дагы бир 31 жаштагы Токмок шаарынын жашоочусу 5 жаштагы кызы ушундай мамилеге кабылганын айтып даттанган.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 34 жаштагы жаран кармалган. Ошондой эле бул факты кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.