Жашы жете электерге нике кыйгандар жазаланбай жатат (видео)

790

«Укуктары бузулган кыздардын жолу». Бүгүн Бишкекте ушундай аталыштагы акция өткөрүлүп, анда өспүрүм кезинде күйөөгө берилип, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган кыздардын тагдыры талкууланды. Иш-чаранын уюштуруучулары муну менен коомчулуктун көңүлүн көйгөйлүү маселеге буруп, кыздардын укугун коргоону максат кылышканын айтышууда. Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында өткөрүлгөн иш-чарада атайын желектер илинип, аларда турмуштан запкы жеген өспүрүмдөрдүн тагдыры жазылып, бут кийимдери коюлган. Мындай иш-чаралар өлкөнүн жер-жерлеринде да өткөрүлүүдө.