Жашыл климаттык фонд Кыргызстанга 10 миллион доллар грант бөлөт

658

Жашыл климаттык фонд Кыргызстанга грант катары 10 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Абдыкалык Рустамов билдирди.

Алынган каражат гидрометорологиялык кызматтын ишин жана элдин азык-түлүгү менен тамактануусун жакшыртууга жумшалат. Бул долбоорду ишке ашырыш үчүн Баткен, Ош жана Нарын облустары тандалып алынган.

Рустамовдун айтымында, сугат инфраструктурасын өнүктүрүү, айыл жергесинде суу жээктерин бекемдөө жана дамба куруу аркылуу селден жана суу ташкындарынан сактоо иштерин жүргүзүүгө багытталган долбоор ишке ашканы турат. Бул долбоорлордун алкагында 90 миллион доллар Кыргызстанга бөлүнөрү айтылды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.