Жашыл түскө боелгон дарыянын суусун комиссия текшерүүдө (видео)

1142

Ала-Арча суусунун жашыл өңгө боелушу боюнча атайын комиссия териштирүү жүргүзүүдө. Өткөн ишемби күнү Бишкектин түндүгүндөгү Дордой коңушу тарапта Аламүдүн жана Ала-Арча суусу жашыл болуп агып жатканы боюнча видео тараган. Шаар бийлиги бул тасма жалган экенин билдирсе, бир нече мекеме комиссия түзгөн.

Адистер өзөндөгү өзгөрүү, белгисиз боектун куюлуп кетишинен, ошондой эле өндүрүштүк калдыктардан болушу ыктымал деп, кооптонушууда. Ал арада бул көрүнүш кошуна Казакстандын экологдорун да чоочулатып, алар да, Чу дарыясына куйган тараптан сууну текшере башташканы маалым болду.