Жашылча-жемиштер бышканына карабай баалар көтөрүлүүдө (видео)

2527

Кыргызстанда жыл башынан бери айыл-чарба азыктары 15 жарым пайызга кымбаттады. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети жарыялады. Алсак, январь айынан тарта картошканын баасы 2 эсе, жер-жемиш 1,5 эсеге кымбаттаса, сүттүн наркы 7 пайызга көтөрүлгөн. Учурда помидордун баасы 15 сомдон, ал эми бадыраң 40 сомдон түшпөй жатат. Күз келип, жашылча-жемиштер бышканына карабай, баалардын мындай болуп жатканы калктын калың катмарын нааразы кылууда.