Жашыруун байлыкты легалдаштырууга мөөнөт берилет (видео)

753

Кыргызстанда мыйзамсыз табылган каражаттар үчүн мунапыс жарыяланышы мүмкүн. Тактап айтканда, өкмөт жарандардын капиталын мыйзамдаштырууга мөөнөт бергени жатат. Буга чейин да мындай демилге болгон. Бирок ал күткөндөй натыйжа берген эмес.

Бир катар эксперттер Экономика министрлигинин азыркы сунушун колдоого алышууда. Ошону менен бирге жыйынтык болушу үчүн капиталдардын сакталышына мамлекет тарабынан кепилдик берилиши керек дешет.