Жашыруун маалыматты ачыкка чыгаргандар жазаланышы керек (видео)

862

Башкаруучу партиянын талапкеринин атаандашына каршы каралоону уюштуруу аракеттери дагы деле уланып жатат. Адаттагыдай эле, чагымды жарыялоо үчүн Коомдук деп аталып, мамлекеттен каржыланган телеканалдар курал болууда. Алсак, кечээ күндөн бери Жогорку Кеңештин депутаты Фархад Иминовдун телефондук сүйлөшүүсүн жарыялап, аны Казакстандын жетекчилеринен жардам сурап жатат, деп айыпташууда. Андан тышкары, дагы бир депутат Канат Исаевдин иши боюнча күбө катары суралып жаткан Деңиз Райимкуловдун тергөөдөгү көрсөтмөсү КТРКда жарыяланып, оппозициялык талапкерди каралоо аракеттери күчөдү. Адистердин айтымында, чагым жасоо, жашыруун маалыматтарды көпчүлүккө жарыялоо менен тиешелүү кызматтар кылмыштуу иштерге барышууда.