Жашыруун тыңшоо фактылары качан иликтенет? (видео)

726

Башкы прокуратура жарандардын сүйлөшүүлөрүн мыйзамсыз тыңшоо боюнча арыздарды кайрадан карап чыгуусу зарыл, дешет укук коргоочулар. УКМКнын коррупцияга каршы кызматынын жетекчисинин орун басары депутаттарга тымызын тыңшоо аппараттарын мыйзамсыз колдонуу боюнча маалымат берди.

Эске сала кетсек, буга чейин Бишкектеги айрым кафелеринде тыңшоочу аппараттар табылган. Ал атайын жабдыктар укук коргоочу, парламент мүчөлөрү жана башка таанымал ишмерлер отурган столдорго орнотулганы маалым. Булар боюнча УКМК иш козгоодон баш тартып, мыйзамсыз тыңшоого катыштыгы бар адамдар аныкталбай кетет, деген жүйөө келтирген. Бирок эксперттер атайын кызматтын мындай жообун кылмышкерлерди жаап-жашыруу аракети деп баалашууда.