Жат жазуу боюнча “1” деген баа алган мамлекеттик кызматкерлер (видео)

2099

Кыргызстанда «Сабаттуу бол» деп аталган акцияга катышкан 11 кызматкер жат жазуу боюнча “1” деген баа алды. Жалпысынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштеген 206 адамдын билим деңгээлин Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясы текшерген.

Алардын жат жазуусун барактай келгенде, жөнөкөй эле сөздөрдөн каталар кеткени байкалат. Мамлекеттик кызматкерлердин сабатсыздыгын көрсөткөн документтер буга чейин деле коомчулукта кызуу талкууга алынып келген.