Жазуучулар союзунун мүчөлөрү талапкерлерди таза атаандашууга чакырышты

890

Ыпылас кара пиарды күчөтүүнүн кесепетинен улуттар аралык кастыкты козутуп алуу коркунучу жаралууда. Бул туурасында бүгүн Жазуучулар союзунун мүчөлөрү билдиришип, өзгөчө жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө кайрылышты.

Алардын айтымында, шайлоо өнөктүгүнүн башталышы менен кайсы бир талапкерди атайылап каралап, сүйлөгөн сөздөрү одоно кескиленип, аны жаманатты кылуу аракеттери жүрүп жатат. Мындай атайын бурмаланган билдирүүлөрдүн атайылап таратылышы, улут аралык кастыкка жол ачат.

Мындан улам, жазуучулар талапкерлерди таза атаандашууга, ал эми калемдештерин улут аралык кастыкты пайда кылчу материалдарды жарыялабоого чакырышты.