Же пенсия же айлык алуу сунушу аскерлердин кыжырына тийди (видео)

2952

Соцфонддун кызматкерлери дем алыш күндөрү эс алып жатканда, аскерлер тоо-ташта, катаал шартта кызмат өтөөдө. Коргоо министрлиги иштеп жаткан офицерлердин пенсиясын жоюу демилгесине караманча каршы чыгышты. Алар мындай сунуш “мамлекеттин аскер кызматкерлерин колдоо жана сыйлоо» саясатына туура келбейт деп белгилешүүдө.

Белгилей кетсек, кечээ Жогорку Кеңеште пенсиялык системаны реформалоо боюнча парламенттик угуу өтүп, анда Соцфонддун жетекчилери аскер кызматкерлерине же пенсия же айлыкты калтырууну сунушташкан болчу. Ошондой эле, учурда аялдардын пенсияга чыгуу курагын жогорулатуу демилгеси да кызуу талкуу жаратууда.