ЖЭБ чуусу: Бишкек соту жактоочулардын өтүнүчүн канааттандырган жок

999

Бишкек шаардык соту Бишкектеги ЖЭБди модернизациялоо боюнча коррупция үчүн айыпталуучуларды камакта калтырууну чечти.

Буга чейин айыпталуучулардын жактоочулары сотко арыз менен кайрылып, алардын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну өтүнүшкөн. Адвокаттар эми Жогорку сотко кайрыларын билдиришти.

Учурда УКМКнын тергөө абагында Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, парламенттин депутаты Осмонбек Артыкбаев, Салайдин Авазов жана Айбек Калиев сымал жогорку даражадагы мамлекеттик кызматкерлер олтурат. Алардын баары «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген беренелер менен айыпталууда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.