ЖЭБ иши: шектүүлөр айыптоого макул (видео)

818

Бишкек жылуулук электр борборундагы аварияга байланыштуу кармалган 7 кишинин төртөө күнөөсүн мойнуна алып Башкы прокуратура менен келишим түздү. Анын негизинде “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун башкы директорунун мурдагы орун басары Бердибек Боркоев, “Улуттук энергохолдинг” компаниясынын төрагасынын мурдагы орун басары Нурлан Садыков, ЖЭБтин мурдагы башкы инженери Нургазы Курманбеков сот залынан бошотулду.

Алардын катарына жылуулук берүү борборунун экс-жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу дагы кошулганы турат. Бул өз кезегинде кылмыш ишинде өтүп жаткан башка соттолуучулардын ишин оорлотушу мүмкүн, дешет адистер.