ЖЭБде болгон авариядан мамлекетке 90 миллион сом чыгым келтирилген

735

Жыл башында Бишкек жылуулук электр борборунда болгон авариядан мамлекетке 90 миллион сом зыян келтирилген. Бул маалыматты Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө башкармалыгынын жетекчилиги ачыктады. ТЭЦтеги кырсыкты жөнгө салууга эле 12 миллион сом коротулган.

Ал эми жылуулук берилбей калган 7 күн үчүн шаардыктарга кайра эсептөө болгондуктан, бюджетке 77 миллион сом түшпөй калган.

Ошондой эле, керектөөчүлөргө чыгымды төлөп берүүгө жана жылуулук кызматкерлеринин ашыкча жумушу үчүн 3 миллион сом сарпталган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.