ЖЭБдеги 400 миң тонна көмүрдүн 30%нын сапаты төмөн (видео)

1614

Бишкек жылуулук электр борборундагы 400 миң тонна көмүрдүн 30 пайызынын сапаты төмөн. Бул тууралуу аталган мекеменин директору Андрей Воропаев билдирди. Жетекчинин айтымында, өткөн жылы бул көрсөткүч 14 пайызды түзгөн. Быйыл болсо 3 ай аралыгында эле, ташылып келген кара отундун үчтөн бир бөлүгүнүн сапаты начар экени аныкталган.

Бирок көмүрдүн начардыгы борбор калаадагы абанын булганышына алып келбейт деп мекемеде иштегендер кепилдик өтүшүүдө. Айтымдарында, от казандарынан чыккан түтүн атайын чыпкада тазаланып, андан соң абага кетет экен.