ЖЭБдеги авария: керектөөчүлөрдүн чыгымы 1 миллион сомдон ашты

640

Бишкек жылуулук электр борборундагы авариядан улам, анын абоненттери 1 миллион сомдон ашуун чыгымга учураган. Бул тууралуу Бишкек жылуулук тармактары ишканасы билдирүүдө.

Жалпысынан шаар тургундарынан 59 арыз-даттануу келип түшүп, баарынын чыгымы 1 миллион 164 миң сомду түзгөн. 59 кайрылуунун 55и боюнча кенемте төлөнгөн. Калган 4 кайрылуу учурда атайын комиссиянын кароосунда.

Эске салсак, ушул жылдын январында Бишкек ТЭЦинде авария болуп, шаардыктарга жылуулук берүү токтотулган. Кырсыктын кесепеттерин жоюу 5 күнгө созулуп, бул окуя боюнча кылмыш иши козголгон.