ЖЭБдеги аварияны иликтөө: Нурханбек Момуналиев УКМКга сурак берди

1283

Өкмөттүн аппаратынын мурдагы жетекчиси Нурханбек Момуналиев Бишкек жылуулук электро борборуна байланыштуу иш боюнча УКМКга сурак берди. Бул маалыматты атайын кызматтан тастыкташты. Маалыматтарга караганда, Момуналиев кышкы сезонго даярдануу үчүн жалган тендер өткөргөн, ири суммадагы каражатты кымырып алган деген иш тууралуу суроолорго жооп берген.

2017-2018-жылдары Бишкек жылуулук борборунда ремонт иштерин жүргүзүү үчүн «Аймар Энержи» компаниясы менен келишим түзүлгөн. Бул ишкананын кожоюну Нурханбек Момуналиевдин жакын тууганы болуп чыккан. Мындан улам өкмөттүн аппаратынын мурдагы жетекчиси суракка чакырылганы кабарланууда.

Эскерте кетсек, буга чейин УКМК жылуулук электро борборун оңдоп-түзөөгө бөлүнгөн акча уурдалганы боюнча кылмыш ишин козгоп, «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун директорунун биринчи орун басары менен техникалык директорун камакка алган. Андан көп өтпөй эле, Нурханбек Момуналиев өз каалоосу менен кызматтан алынган. Буга эл аралык маанидеги документтердин ката даярдалганы себеп болду деп айтылган эле. Эми анын жылуулук электр борборундагы авария боюнча суракка чакырылганы көп суроолорду жаратууда.