ЖЭБдеги коррупция боюнча соттолгондордун мүлкү жана банк эсептери такталууда

8762

Бишкек Жылуулук электр борборундагы коррупциядан мамлекет тарткан зыян боюнча соттолгондорго чегерилген айыптарды өндүрүү аракети уланууда. Соттолгондордун мал-мүлкүн жана банк эсептерин аныктоо жараяны жүрүп жатканын Сот аткаруучулар департаментинин басма сөз кызматы «Азаттыкка» билдирди.

Маалыматка караганда, айыппулду өндүрүү тууралуу соттун чечимин аткаруу бир нече баскычтан турат. Алгач айыпталгандарга эскертүү берилет. Соттолуучулар өз ыктыяры менен айыппулду төлөбөгөн учурда алардын мүлктөрүн жана банк эсептерин такташ үчүн тиешелүү органдардан, банктардан маалымкат суралат. Сот банк эсептери тууралуу аныктама чыгарып бериши керек. Мындай жараяндар бүткөндөн кийин гана мажбурлап өндүрүү аракети жүргүзүлөт.

Быйыл июнда Жогорку сот ЖЭБдеги авария жана коррупция боюнча соттолгон мурдагы сегиз жетекчиге беш млрд. 440 млн. сомго жакын материалдык зыянды Финансы министрлиги менен «Электр станциялары» ишканасынын пайдасына төлөп берүүгө милдеттендирген.

Алар — мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы жетекчиси Айбек Калиев, мурдагы финансы министри Ольга Лаврова, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов, анын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров менен ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов, мурдагы энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев.