ЖЭБдеги коррупцияга айыпталган 8 кишинин соттук иши башталды

607

Баш калаанын Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоого байланыштуу «Коррупция» беренеси менен козголгон кылмыш иши боюнча соттук угуулар башталды. Белгилей кетсек, бул боюнча тергөөнүн жыйынтыгын Башкы прокуратура карап чыгып, айыптоо корутундусун бекиткен. Анда жалпысынан 8 кишиге айып тагылган.

Алар мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов, ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Биримкулов жана экс-финансы министри Ольга Лавровалар.

Мында Лавровага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча айып тагылса, калгандары коррупцияга шектелишүүдө.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.