ЖЭБдеги коррупцияга Атамбаев айыпталууда (видео)

584

Экс-президенттин аты аталган кылмыш иштери көбөйүүдө. Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөө боюнча коррупцияга айыпталып жаткан шектүүлөрдүн арасында Алмазбек Атамбаев да бар.

Бул тууралуу экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынында УКМКнын тергөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Сагынбек Самидин уулу билдирди.

Алты кун мурда түзүлгөн парламенттик комиссия ишин жыйынтыктап, корутундусун чыгарды. Бүтүм эки тармактык комитетте каралып — колдоо тапты.