ЖЭБдин үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу талабы коюлду

674

Энергетиктер Бишкектин Жылуулук электр борбору кыш бүткөнчө үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылууга милдеттүү. Мындай талап 26-декабрда өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев ишканага барганда коюлду.

Премьер-министр сууну химиялык тазалоочу жаңы цехтин жана башка жабдыктардын иши менен таанышып чыгып, тургундар да, ишканалар да жылуулук жана электр энергиясы менен толук камсыз болушу керектигин айтты.

ЖЭБдин директору Андрей Воропаевдин айтымында, ишкананын модернизациясы биринчи кезекте электр энергиясын өндүрүү көлөмүн көбөйтүүгө багытталган.

Жаңы цехтин долбоордук кубаттуулугу – саатына 144 куб метр сууну айлантат. Суу тазалагыч экологиялык ченемдерге жооп берет, жабдуулар автоматтык режимде иштейт.

ЖЭБ Кытай бөлгөн 368 миллион долларга реконструкцияланып жатат. Быйыл анда авария болуп, Бишкектин тургундары бир нече күн жылуулуксуз калган. Буга байланыштуу кылмыш иши козголуп, бир катар жетекчилер камакка алынган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.