Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын борбору Астанага барды

876

Президент Сооронбай Жээнбеков Борбор Азия мамлекет башчыларынын биринчи консультациялык жолугушуусуна катышуу үчүн Астана шаарына барды. Аны аэропорттон Казакстандын вице-премьер-министри Аскар Жумагалиев тосуп алды. Биринчи жолу өтүп жаткан саммитке: Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстандын президенттери жана Түркмөнстандын парламент спикери катышты.

Анын алдында Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Коңшу өлкөнүн башчысынын айтымында, эки тараптуу маселелер чечилип, жол картасы иштеп жатат. Кыргызстандын президенти чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, кызматташуу дагы бекемделээрине ишеним артып жатканын айтты.

Сооронбай Жээнбеков бүгүн Астанада беш өлкөнүн жетекчилеринин жолугушуусун тарыхый окуя деп баалады.