Жээнбеков: «Аймактарды өнүктүрүү боюнча иш күчөтүлөт»

703

Коррупция жоюлмайынча иш алдыга жылбайт. Учурда өлкөдө жүрүп жаткан соттук реформа жемкорлукту жок кылуу максатын көздөйт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков «Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» деп аталган жыйында билдирди.

Мамлекет башчынын айтымында, соттук-укуктук реформа жаңылган адамдарды түрмөгө отургузбай, аларды оңдоого жардам берет. Жаңы кодекстерди ишке киргизүү үчүн коомчулуктун колдоосу керек. Бул реформа сот, укук коргоо органдарынын кызыкчылыгын эмес, жарандардын укугун коргоого багытталган деди президент.

Учурда Бишкекте Улуттук филармонияда аймактарды өнүктүрүү боюнча жыйын өтүүдө. Анда өлкө жетекчиси айыл-кыштактардын абалын жакшыртууга багытталган программа, долбоорлор тууралуу да сөз козгоду. Сооронбай Жээнбековдун айтымында, буга чейин катуу билдирүүлөр жасалганы менен, аймактарды өнүктүрүү боюнча кескин чаралар көрүлгөн эмес. Эми бул багытта иш күчөтүлөт деди.

Президент долбоорлордун аткарылышын көзөмөлдөөнү област, район жетекчилерине тапшырды. Бул жолу “Таза суу” программасы толугу менен ишке ашып, 5 жылдын ичинде бүт айылда суу көйгөйү чечилет.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.